> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бизнесмендер мамлекеттик түзүмдөгү өзгөрүүлөргө тынчсызданышууда – ЭИК
- URL: https://im.kg/all/2021/07/27/biznesmender-mamlekettik-t-z-md-g-zg-r-l-rg-tynchsyzdanyshuuda-eik/
- Published: 2021-07-27T14:30:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 26-июлда Талас облусунун ишкер** **лери** **Эл аралык ишкерлер кеңешинин жана КРнын президентинин Администрациясынын өкүлдөрү** **менен жолугушту. Жыйында таластык бизнесмендер аймактагы көйгөйлөрдү айтышып, мамлекеттик системадагы өзгөрүүлөргө тынчсыздангандарын билдиришти. Бул тууралуу Эл аралык ишкердик кеңешинин маалымат кызматы кабарлады.**

ЭИКтин маалыматына ылайык, таластык бизнесмендер эми өкмөттөгү түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция кандай иштейт деп тынчсызданышууда. Андан тышкары, алар **сугат, тоют**, **айыл чарба азыктарын кайра иштетүү**, тагыраак айтканда, **төө буурчак өсүмдүктөрүн** өндүрүү жана башка көйгөйлүү маселелер жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле, региондор менен республикалык бюджеттин жана Каржы министрлигинин өз ара мамилелер системасын өркүндөтүү керек. Бюрократиялык кечигүүлөрдүн айынан аймактар ​​өз убагында каражаттарды ала албай, пландаштырып, бирок өздөштүрө албай калган учурлар көп кездешет. Натыйжада, алар жылдын аягына чейин эч кандай жыйынтыктуу иш алып бара албай, өнүкпөй калып жатат деп билдирди ЭИК.

> «Биз ушул тармактардын баарында ишкерлерге жардам берүүгө аракет кылабыз. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, биз ишкерлерге жардам көрсөтүү жана аймактардын экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгабыз. Биздин сунуштар түздөн-түз КРнын президентинин Администрациясына жана Министрлер Кабинетине берилиши маанилүү», – деп жыйынтыктады ЭИКтин башчысы.

Эксперттик топ өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, алыскы аймактардагы ишкерлерди тынчсыздандырган көйгөйлөр жөнүндө өз ооздорунан угуп, аларды чечүү жолдорун издөөнү пландаштырууда.