> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кайрадан «Кумтөр» иши – Төрөбай Зулпукаров камакта сентябрга чейин болот
- URL: https://im.kg/all/2021/07/27/kajradan-kumt-r-t-r-baj-zulpukarov-kamakta-sentyabrga-chejin-bolot/
- Published: 2021-07-27T14:55:33.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров убактылуу кармоочу жайда калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды.**

Эл өкүлү УКМКнын СИЗОсунда 30-сентябрга чейин болот.

Эскерте кетсек, «Кумтөр» маселеси боюнча учурдагы жана мурдагы чиновниктердин бир канчасы [камалган болчу](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/06/01/kumt-r-ishi-bojuncha-kimder-surakka-alynyp-kimder-kamaldy-tizme-zha-yruuda/). Парламенттин депутаттары, экс-премьер-министрлер, ошондой эле учурдагы атка минерлер кезек менен суракка чакырылып, натыйжада, айрымдары камакка алынган. Ал эми мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин «Кумтөрдөгү» коррупция ишине байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикке [чыгарылган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/07/01/tajyrbek-sarpashev-ech-zhakka-ketp-sharty-menen-erkindikke-chygaryldy-kumt-r-k-jg-j/) эле.