> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таластык ишкерлер каржылоо, салык, уруксат берүү системасындагы иштерге нааразы
- URL: https://im.kg/all/2021/07/27/talastyk-ishkerlerdi-karzhyloo-salyk-uruksat-ber-kagazdary-tynchsyzdandyrat/
- Published: 2021-07-27T14:09:49.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 26-июлда Талас облусунун ишкер чөйрөсүнүн көйгөйлүү маселелерин эксперттик топ талкуулады, анын курамына Эл аралык ишкерлер кеңешинин жана КРнын президентинин Администрациясынын өкүлдөрү кирди. Жыйында таластык ишкерлер аймактагы көйгөйлөрдү айтышып, мамлекеттик система нааразы экендигин билдиришти. Бул тууралуу Эл аралык ишкердик кеңешинин маалымат кызматы кабарлады.**

Жолугушууга облустук жана райондук администрациялардын, облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун, Талас облусундагы Ишкердүүлүктү колдоо борборунун өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө белгилүү болгондой, жергиликтүү ишкерлерди каржылоо, салык администрациясы, лицензиялоо жана уруксат берүү системасындагы маселелер өзгөчө тынчсыздандырат.

> «Ишкерлер көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктарга нааразы болушууда. Курулуш компанияларынын өкүлдөрү курулуш документтерин макулдашуу үчүн Бишкекке баруу керектигин айтышты. Тиешелүү сертификаттоо жана экспертиза борборлорун аймактарда, тактап айтканда, Таласта ачууну суранып жатышат», – деди ЭИКтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/07/MDS1-1024x683.jpg)