> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жакында ачылган Бишкек – Батуми каттамы кайра жабылды
- URL: https://im.kg/all/2021/07/27/zhakynda-achylgan-bishkek-batumi-kattamy-kajra-zhabyldy/
- Published: 2021-07-27T16:46:44.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**17-июлда ачылган Бишкек – Батуми – Бишкек эл аралык каттамы токтотулду. Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, акыркы каттам 24-июлда болгон.**

Эске сала кетсек, «Эйр Манас» жумасына бир жолу, 17-июлда «Бишкек – ​​Батуми – Бишкек» багыты боюнча алгачкы түз аба каттамын ачкан.

Учуу учурунда кыргызстандыктар Грузиянын курорттук шаарына 220 долларлык турларга мүмкүнчүлүк алышкан болчу.