> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми бизнесмендер товарларын эч кандай бажы төлөмү жок АКШга экспорттой алышат
- URL: https://im.kg/all/2021/07/28/emi-biznesmender-tovarlaryn-ech-kandaj-bazhy-t-l-m-zhok-akshga-eksporttoj-alyshat/
- Published: 2021-07-28T11:04:06.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповго Кыргызстан менен АКШнын эки тараптуу карым-катнашын чыңдоо жана ошондой эле кыргызстандык ишкерлерге мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында АКШнын «Жалпы артыкчылыктар тутуму»(General System of Preferences”) программасын колдонууну тапшырды.** 

> Аталган программанын (“Жалпы артыкчылыктар тутуму”) алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жалпысы 5000ге чейин ар кандай товарларды эч кандай бажы төлөмү жок АКШга экспорттоого уруксат берилген. 

Бул программа Кыргызстанда өндүрүлгөн сейрек кездешүүчү сапаттуу **айыл-чарба товарларын** (кыргыз тоо балы, чычырканак кошулмалуу суусундук, кара өрүк, жер жаңгак жана топоз өңдүү башка жандыктардын эттери, форель ж.б.) **АКШга экспорттого** мүмкүнчүлүк түзөт.

Азыркы учурда кыргыз ишкерлеринин АКШнын аталган программасын толук колдонуусу үчүн мамлекеттик деңгээлде бардык шарттарды түзүп берүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш башталды.