> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Көмүскө экономика – 6 миң салык төлөөчү салык отчетун бербей келет
- URL: https://im.kg/all/2021/07/28/k-m-sk-ekonomika-6-mi-salyk-t-l-ch-salyk-otchetun-berbej-kelet/
- Published: 2021-07-28T11:13:36.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жыл башынан бери аймактык салык органдары тарабынан салык отчетторун бербеген 6 миң 53 салык төлөөчү аныкталган. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

> Алардын ичинен 2 миң 384 юридикалык жак, 2 миң 91 жеке ишкер жана 778 дыйкан (фермердик) чарбасы.

Ошондой эле, салык органдарында каттоодон өтпөгөн 2 миң 34 чарба жүргүзүүчү субъект ачыкка чыкты. Алардын ичинен 566 юридикалык жак, 1 миң 11 жеке ишкер жана 457 дыйкан (фермердик) чарбасы.

Бул иш-чаралар ишкерлерди каттоодон өткөрүү, экономиканын көмүскө секторунда иш алып барган чарбакер субъекттердин салык төлөөдөн баш тартуу фактыларын аныктоо, ошондой эле жалган бизнеске каршы күрөшүү максатында жүргүзүлдү.

> Жалпысынан 2021-жылдын 1-июлуна карата 754.6 миң субъект салык каттоосунан өткөн, анын 127.1 миңи – юридикалык жактар, 377.9 миңи – жеке ишкерлер, 249.6 миңи – дыйкан (фермердик) чарбалары.