> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кепилдик фонду алты айда 540 млн сомго кепилдик берди
- URL: https://im.kg/all/2021/07/28/kepildik-fondu-alty-ajda-540-mln-somgo-kepildik-berdi/
- Published: 2021-07-28T11:35:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын I жарым жылдыгы үчүн «Кепилдик фонду» ААКы 540 млн сомдон ашык суммага 383 кепилдик берген. «Кепилдик Фондго» берилген насыялардын суммасы дээрлик 1.9 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.**

2021-жылдын июнь айынын аягындагы абал боюнча, өлкөнүн дээрлик бардык региондорунун ишкерлери кепилдик колдоосун алышкан, ал эми лидерлик орундарды Чүйдүн ЧОБ өкүлдөрү алышты, алардын бизнес-долбоорлору үчүн 29%, ал эми Бишкек шаарындагы ишкерлерге 25% кепилдиктер берилген.

> Бишкек шаарындагы ишкерлерге 25% кепилдиктер берилди. Жалал-Абад жана Ош облустарындагы чакан жана орто ишканалар үчүн кепилдиктердин жалпы санынын 13% жөнөтүлдү. Калган 20% кепилдиктер Ысык-Көл облусунда– 7%, Талас облусунда – 5% жана Нарын облусунда – 4% ишкерлерди колдоо үчүн бөлүнгөн.

«Кепилдик Фонду» ААКсы мурдагыдай эле, артыкчылык катары, кепилдиктердин жалпы санынын 44%ы жөнөтүлгөн **айыл чарба** жана **өнөр жай** тармагында иш алып барган ишкерлерге берээрин фонддон билдиришти.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын ушул эле мезгилинде ишкерлерге 250 млн сомго жакын 180 кепилдиктер берилип, «Кепилдик фонду» ААК кепилдик берген насыялардын көлөмү **1 млрд сомдон** ашкан.