> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Корумду – Балбай айланма жолун курууга 116 млн доллар насыя алынды
- URL: https://im.kg/all/2021/07/28/korumdu-balbaj-ajlanma-zholun-kuruuga-116-mln-dollar-nasyya-alyndy/
- Published: 2021-07-28T13:55:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көлдөгү Корумду – Балбай айланма жолунун баасы 128 млн долларды түзөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев парламент жыйынында билдиргенин [24.kg](https://24.kg/) кабарлады.** 

ЖКнын депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, Кыргызстан бул жолду реконструкциялоого **116 млн доллар** суммасында насыя алган, дагы **12 млн долларды** өкмөт каржылайт. 

> «Курулуш иштерине 110 млн доллар каралган. Долбоордун жалпы наркы 128 млн долларды түзөт. Корумду – Балбай жолунун бир чакырымынын баасы 1.5 млн долларды, ал эми консультациялык кызматтар 4 млн долларды түзөт. Жол төрт тилкелүү болуп, тосмо, веложол, тротуарлар, жарыктандыруу болот», – деп билдирди Нурланбек Кайынбаев.

Ал белгилегендей, Корумду – Балбай жолу үч жылдын ичинде курулат жана курулуш жумуштары 2022-жылдын күзүндө башталат.