> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кылмыштуулук былтыркыдан 1.5 эсеге, тоноо – 24.5%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2021/07/28/kylmyshtuuluk-byltyrkydan-1-5-esege-tonoo-24-5-ga-st/
- Published: 2021-07-28T14:05:18.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Башкы прокуратуранын маалыматтары боюнча 2021-жылдын январь-июнда республиканын аймагында 23.5 миң кылмыш катталган, алардын саны 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1.5 эсеге көп. Мындай маалыматты Улутстатком берди.** 

Кылмыштардын басымдуу бөлүгү (алардын жалпы санынын 61%дан ашык) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган.

Кылмыштардын жалпы санында 2 миңден ашыгы же 11.6% оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген. Бул кылмыштардын негизги бөлүгүн жеке менчикке каршы кылмыштар түзгөн. 

Бул өткөн жылга салыштырмалуу жалпы республика боюнча алардын саны 1.6 эсеге, анын ичинде алдамчылык – 2.1 эсеге, уурдоо – 1.5 эсеге, тоноо – 24.5%га өстү.