> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мальталыктар ээлик кылган кыргызстандык компанияларга Акылбек Жапаровдун тиешеси барбы?
- URL: https://im.kg/all/2021/07/28/maltalyktar-eelik-kylgan-kyrgyzstandyk-kompaniyalarga-akylbek-zhaparovdun-tieshesi-barby/
- Published: 2021-07-28T15:59:43.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:53:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«ПолитКлиника» басылмасынын иликтөөчү журналисттери үч ай бою иликтеп, Мальталык компаниялар ээлик кылган кыргызстандык компанияларды жана аларды азыркы финансы жана экономика министри Акылбек Жапаровдун адамдары башкараарын [жазып чыгышты.](https://pk.kg/news/23059?fbclid=IwAR0LVjlKU2xFJhAurQeUp2WP0cRMpOG5kXC9lLy5PTkaiAnNyrTMv6kRZlw)**

Иликтөөдө айтылган маалыматка таянсак, 2020-жылдын октябрь айынын аягында Кыргызстандын азыркы тапта жоюлуп кеткен финансылык полициясы пресс-релиз таратып, Кант шаарында жайгашкан МИС (Машиноиспытательная станция) салыкты жашырып төлөбөй жүргөнүн билдирген. «**30 кыймылсыз мүлкү бар** МИС ири айланткан акчасына карабай, нөл менен отчет тапшырып жүргөн», – деп билдирген мекеме.  
  
Мындан сырткары финпол акционердик коомдун негизги акционерлери Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова жана мальталык оффшордук компания Eurasia Capital Limited экенин дагы белгилеген. Мамлекеттик финансылык көзөмөлдүн 2021-жылдын 10-мартына карата маалыматы боюнча, МИСтин 98.3% акциясы Eurasia Capital Limited компаниясына тийиштүү деп айтылат [чоң иликтөөдө](https://pk.kg/news/23059?fbclid=IwAR0LVjlKU2xFJhAurQeUp2WP0cRMpOG5kXC9lLy5PTkaiAnNyrTMv6kRZlw).

> Ошол эле иликтөөдө МИС Финансы министрлигинен алган ссудасын төлөбөй койгондугу, 2021-жылдын март айына карата минфиндин берген маалыматында, МИС мамлекетке **127.1 млн сом карыз** экендиги жана учурда кылмыш иши 2017-жылы козголгонуна карабай, дагы деле УКМКда иликтенип жаткандыгы, УКМК өз пресс-релизинде **95% акциянын ээлери Акылбек Жапаровго тиешеси бар адамдар** болгондугу айтылат.