> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» эл аралык аэропорту жарым жылда 1.5 млн  жүргүнчүнү тейледи.
- URL: https://im.kg/all/2021/07/28/manas-el-aralyk-aeroportu-zharym-zhylda-1-5-mln-zh-rg-nch-n-tejledi/
- Published: 2021-07-28T10:53:34.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» эл аралык аэропорту жарым жылда 1.5 млн жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу «МЭА» ААКтын маалымат кызматы кабарлады.** 

«МЭА» ААКнын аэропортторунда 6 ай аралыгында 1 млн 560 367 жүргүнчү тейленди. Алардын **509 миң 806 ички каттамдардын** жүргүнчүлөр агымын түзсө, **эл аралык каттам – 1 млн 50 миң**.

> Ошондой эле бул аралыкта **13 миң 840 каттам** ишке ашырылды. Алардын 9 миң 701 – эл аралык, 4 миң 139 – ички каттамды түздү.

**«Манас» аэропорту** 7 миң 353 каттамды тейледи. Алардын 2 миң 50 – ички, 5 миң 303 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 824 миң 405 кишини түздү. Алардын 254 миң 973 – ички, 569 миң 432 – эл аралык.

**«Ысык-Көл» аэропорту** 284 каттамды тейледи. Алар: 16 – ички, 268 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөрдүн агымы 25 миң 794 кишини түздү. Алардын 890 – ички, 24 миң 904 – эл аралык багытта.

«МЭА» ААКнын **Ош филиалы** 6 миң 203 каттамды тейледи. Алардын 2 миң 73 – ички, 4 миң 130 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 710 миң 168 кишини түздү. Алардын 253 миң 943 – ички, 456 миң 225 – эл аралык багытка туура келет.«МЭА» ААК 2021 жылдын 6 ай аралыгында 1.5 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлегенин «МЭА» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.