> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент: COVID-19 менен ооруган бир бейтапты дарылоого бюджеттен болжол менен 1 миң доллар сарпталууда
- URL: https://im.kg/all/2021/07/28/prezident-covid-19-menen-oorugan-bir-bejtapty-daryloogo-bjudzhetten-bolzhol-menen-1-mi-dollar-sarptaluuda/
- Published: 2021-07-28T16:32:13.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:16:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**14 күндүн ичинде COVID-19 менен ооруган бир бейтапты дарылоого өлкө бюджетинен болжол менен 1000 доллар сарпталууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.**

Бүгүн, 28-июлда мамлекет башчы кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, анда коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырып, жакында ооруканаларга түшкөн COVID-19 менен ооругандардын дээрлик бардыгы эмдөөдөн өтпөгөндөр экендигин айтты.

> «Ансыз да биздин мамлекеттин бюджетине оор түйшүк түшүп турганда, бул оор жүк болду. Жакынкы аралыкта Кыргызстан 20 млн долларлык вакциналардын кошумча партиясын алат, мындан тышкары, бир бейтапты 14 күн дарылоого 1000 долларга жакын каражат сарпталууда», – деди президент.

> «Эгер вакцина албасаңыз, анда өзүңүзгө, жакындарыңызга жана бүтүндөй өлкөгө зыян келтиресиз. Ушуга байланыштуу, урматтуу кыргызстандыктар, сизден эмдөө алууңуздарды өтүнөбүз», – деп кошумчалады президент.