> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутаттар Кыргыз-Венгрия Фондун түзүү жөнүндө мыйзам кабыл алышты
- URL: https://im.kg/all/2021/07/29/deputattar-kyrgyz-vengriya-fondun-t-z-zh-n-nd-myjzam-kabyl-alyshty/
- Published: 2021-07-29T12:25:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Парламент үчүнчү окууда «Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду жөнүндө Кыргызстандын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзам долбоорун кабыл алды.**

Ушул жылдын апрель айында Кыргызстан менен Венгрия фонд түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан болчу.

Документке кол коюу иш-чарасы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петр Сийартонун Бишкекке расмий иш сапарынын алкагында болуп өттү.

Фонддун башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан. Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү инвестициялык долбоорлор Кыргыз-Венгрия Фондунун алкагында ишке ашырылат.

> Фонддун уставдык капиталы **50 млн долларды** түзөт, анын ичинен Кыргызстан **16 млн долларын алган**, калган сумма жыл аягына чейин которулат.