> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргыз темир жолу» 6 айда 3.5 миң тонна жүк ташыды
- URL: https://im.kg/all/2021/07/29/kyrgyz-temir-zholu-6-ajda-3-5-mi-tonna-zh-k-tashydy/
- Published: 2021-07-29T16:10:58.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргыз темир жолу»** **ишканасынын маалымат кызматы** **2021-жылдын I жарым жылдыгында 3.5 миң тонна же өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 109%га көп жүк ташылып, ал 287.8 миң тоннага көбөйгөнүн кабарлады.** 

2021-жылдын 6 айында Кыргыз темир жолун **118 742 жүргүнчү колдонгон**. Бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 46 786 жүргүнчүгө көп (2020-жылдын 6 айында 71.956 жүргүнчү).

Жүргүнчүлөрдүн санынын өсүшү 2020-жылдын 31-декабрынан баштап республикалык ички каттамда жүргүнчүлөрдү ташуунун жандануусуна байланыштуу болгон (Бишкек – Кара-Балта – Бишкек, Бишкек – Токмок – Бишкек, Бишкек – Кайыңды – Бишкек). Мындан сырткары, 2021-жылдын 18-июнунан баштап Бишкек-1 – Рыбачье багытында жүрүүдө.

> Ишкана 150 жүк ташуучу вагон жана 3 маневрдик тепловозду сатып алууну каржылоо боюнча эл аралык финансы уюмдар менен келишим жетишилип, макулдашуу процедуралары аяктоо алдында турганын кошумчалады.