> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропорту санитардык нормалар тууралуу айтылган сынга жооп айтты
- URL: https://im.kg/all/2021/07/29/manas-aeroportu-sanitardyk-normalar-tuuraluu-ajtylgan-synga-zhoop-ajtty/
- Published: 2021-07-29T10:57:48.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» аэропортунда учууларга чейин эл көп болуп, санитардык нормалар сакталбай жаткандыгы тууралуу ишкер Айбек Кыштобаев социалдык тармактагы баракчасына [жазган эле](http://localhost/info-portal/novosti/2021/07/28/passazhiry-zhalujutsya-na-otsutstvie-sanitarnyh-norm-v-aeroportu-manas/). Ал эми «Манас» ААКсы** **болсо колдон келишинче бардык санитардык нормалар сакталууда деп билдирди.**

Кыштобаевдин айтымында, жүргүнчүлөрдү отургузуу процесси натыйжасыз курулгандыктан, аралыкты сактоого мүмкүн болбогон чакан бөлмөдө көп сандагы адам топтолуп калган.

> «Кантип ушунча адамды кезекке тургузууга болот? Санитардык нормалар кайда? Эффективдүү башкаруу кайда?» – деп жазган эле ал.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/07/kyshtobaev.jpg)

> «Пандемия менен байланышкан кырдаалда бардык аэропорттордун кызматкерлери оор шарттарда, кээде тыныгуусуз, 2 нөөмөттө калып иштешүүдө. Аэропорттордун жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан колдон келишинче бардык санитардык нормалар сакталып жатат», – билдиришти аэропорттун маалымат кызматы.

Ошону менен бирге компаниянын жетекчилиги жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу боюнча бардык сын-пикир, сунуштарга көңүл бөлөөрүн белгиледи.