> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министрлер кабинети КНСтен бошотулган дары-дармектердин тизмесин кыскартууну көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2021/07/29/ministrler-kabineti-knsten-boshotulgan-dary-darmekterdin-tizmesin-kyskartuunu-k-zd-d/
- Published: 2021-07-29T10:23:36.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:48:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова кошумча нарк салыгынан бошотулган дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесин кыскартуу жана аларды маркалоонун көзөмөлдөнүшүн киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.**

Жолугушуунун жүрүшүндө Жылдыз Бакашова аталган маселенин актуалдуулугун белгилеп, бир жумалык мөөнөттө **КНСтен бошотулган дары-дармектердин** жана **медициналык багыттагы буюмдардын тизмесинен айрым позицияларды алып салууну** караган Министрлер Кабинетинин чечиминин тийиштүү долбоорун киргизүүнү тапшырды. 

> Ошондой эле Бакашова маркировканы пайдалануу менен өндүрүүчүдөн акыркы колдонуучуга чейин дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын иштеп чыгууну тездетүүнүн жана өлкөдө этап-этабы менен аны ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын катышуусунда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү жана тез арада бул долбоорду ишке ашыруу концепциясын иштеп чыгууну тапшырды.

> Мындан тышкары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин ишин **санариптештирүүнү** жылдын аягына чейин жыйынтыктоо тапшырылды. 

Белгилесек, жогорудагы система үч этаптан турат. 

- Биринчи этаптын алкагында дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча ченемдик-маалымдама маалыматтардын бирдиктүү тутуму иштелип чыкты.
- Ошондой эле КРнын электрондук мамлекеттик сатып алуулардын расмий веб-порталы менен интеграцияланды.
- Экинчи этап Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин ишмердүүлүгүндөгү бардык процесстерди жана процедураларды санариптик трансформациялоону камтыйт
- Ал эми үчүнчүсү – дары-дармектердин **таңгактарын маркалоону** жана **идентификациялоону колдонуу менен** дары-дармектердин кыймылын көзөмөлдөө болуп саналат.

Эске салсак, дээрлик бардык дары-дармектер жана айрым медициналык буюмдар импортто КНСтен бошотулган. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тизмени кыскартууну [сунуштаган болчу](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/06/24/kyrgyzstanda-knsten-boshotulgan-dary-darmekterdin-tizmesi-kyskaryshy-m-mk-n/). Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтында жарыяланган эле.

Бул тизмеге 432 аталыштагы дары-дармектер жана 59 медициналык буюмдар киргизилген.

> Бирок, жеңилдетилген салыкка карабастан, дары-дармектердин баасы жогору бойдон калып келет, ал тургай, кымбаттоо тенденциясына жакын. Ведомстводон билдиргендей, 2020-жылы КРнын аймагына алып келүү жана импорттоодо КНСтен бошотуу көлөмү **2 млрд 678 млн сомду** түзгөн.