> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек-Ош унаа жолунун асфальт-бетон төшөлмөсүн орнотуу республикалык бюджеттен каржыланат
- URL: https://im.kg/all/2021/07/30/bishkek-osh-unaa-zholunun-asfalt-beton-t-sh-lm-s-n-ornotuu-respublikalyk-bjudzhetten-karzhylanat/
- Published: 2021-07-30T13:03:32.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:24:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек – Ош унаа жолунун 132-141-чакырымына чейин эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлмөсүн орнотуу «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча жүргүзүлүүдө жана 2021-жыл үчүн республикалык бюджеттен каржыланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.**

Учурда Бишкек – Ош унаа жолунун 132-141-чакырымдагы тилкесинде курулуш иштери жүрүүдө, аны менен катар 132.5-133-чакырымында асфальт-бетондун биринчи катмарын төшөө менен эски жол тилкесин тегиздөө жүргүзүлгөн.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бишкек – Ош унаа жолундагы реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышып, Өтмөк ашуусундагы Суусамыр – Талас-Тараз жолунун абалын да текшерди.