> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда буудайдын баасы бир жылда 40%га көтөрүлдү
- URL: https://im.kg/all/2021/07/30/krda-buudajdyn-baasy-bir-zhylda-40-ga-k-t-r-ld/
- Published: 2021-07-30T09:53:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Республикада буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40%га жогорулады. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.**

Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары, июль айына карата абалы боюнча буудай орточо эсеп менен **29.15 сомду** түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу **8.2 сомго же 39.3%га өскөнүн** көрсөттү.

> Үстүбүздөгү жылдын июль айында **мурунку айга салыштырмалуу** республикадагы буудайга чекене баа **3.4 сомго же 13.1%га** жогорулады.

Июль айында буудайга болгон баанын мурунку айга салыштырмалуу кыйла кымбаттаганы Токтогул шаарында (47.1%) жана Нарында (43.0%) катталган.