> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын экономикасына өзгөчө кырдаал алты айга киргизилет – депутаттар мыйзамды кабыл алышты
- URL: https://im.kg/all/2021/07/30/krnyn-ekonomikasyna-zg-ch-kyrdaal-alty-ajga-kirgizilet-deputattar-myjzamdy-kabyl-alyshty/
- Published: 2021-07-30T11:29:21.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:03:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын экономикасына өзгөчө кырдаал киргизилет. Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышты.**

> Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими алты айга киргизилет.

Мыйзамга ылайык, экономикага өзгөчө кырдаал төмөнкү учурларда **парламенттин макулдугусуз** киргизилет:

- эгерде отчеттук мезгилде өткөн жылга салыштырмалуу баалар 3.5%га өскөн болсо
- эгер тышкы карыздын суммасы 10%га көбөйсө
- эгерде акыркы үч айда ИДПнын экономикалык компоненттери 10%га кыскарган болсо
- эгерде үч айдын ичинде тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү олуттуу төмөндөгөн болсо
- эгерде акыркы үч айда салык чогултуу 10%га кыскарган болсо
- эгерде акыркы чейректе инвестициялык абалдын начарлашы жана капиталдын 20%га чыгып кетиши байкалса.

> Белгилей кетсек, коомдук талкуусуз жана жөнгө салуучу таасирин талдоосу жок эле демилгеленген бул мыйзам долбоору бизнес коомчулугуна жаккан жок.

Бизнес-омбудсмен **бизнес коомчулугу бул мыйзам долбоору тууралуу ЖМКдан билгендигине** нааразы болду. Робин Орд-Смит экономиканын калыбына келүүсүнө жетишүү үчүн мамлекет менен бизнес чөйрөсүнүн ортосунда диалог, анын ичинде бизнес чөйрөсүнө жана инвестициялык климатка түздөн-түз таасир этүүчү мыйзамдык демилгелерди коомдук талкууга салыш керек деп эсептейт.

Депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоору **министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү максатында демилгеленген** жана айрым ченемдер **экономикалык туруктуулукка коркунуч туудурат** деген пикирин айтты.