> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МИКтин «Жеткиликтүү ипотека» багытын Германия өнүктүрүү банкы (KfW) каржылайт
- URL: https://im.kg/all/2021/07/30/miknyn-zhetkilikt-ipoteka-bagytyn-germaniya-n-kt-r-banky-kfw-karzhylajt/
- Published: 2021-07-30T12:22:05.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча мамлекеттик ипотекалык насыяларды берүүнү Германия өнүктүрүү банкы (KfW) каржылайт. Бул тууралуу Мамлекеттик иопотекалык компаниянын маалымат кызматы кабарлады.**

«Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча мамлекеттик ипотекалык насыяларды берүү (эмгек ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө карабастан, өлкөнүн бардык жарандары үчүн) Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, республиканын бардык облустарында, МИК туруктуу режимде улантып жатканын аталган компаниядан билдиришти.

> Бул багыт Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтү тарабынан Германиянын KfW өнүктүрүү банкы аркылуу берилген каражаттардын эсебинен каржыланат. Өлкөнүн жарандарын толугу менен камтуу максатында, МИК Германиянын KfW өнүктүрүү банкына, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларын каржылоо боюнча сунуштарды жана пайыздык ченди төмөндөтүү багытында өтүнүчтөрүн жөнөткөн.