> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Минюст мамлекеттик нотариустарды ротациялоону баштады
- URL: https://im.kg/all/2021/07/30/minjust-mamlekettik-notariustardy-rotaciyaloonu-bashtady/
- Published: 2021-07-30T09:41:07.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Юстиция министрлиги 2021-жылдын 29-июлунда мамлекеттик нотариустарды ротациялоо жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.** 

Бүгүнкү күндө республика боюнча мамлекеттик нотариустардын штаттык саны 79 адам. Министрлик мамлекеттик нотариустардын штаттык санын көбөйтүү жөнүндө маселени иштеп чыккан. Азыр мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамга ылайык, процедуралык учурлар боюнча иш жүргүзүлүп жатат.

Кошумча штаттык бирдиктер республика (же калктуу конуш) боюнча элдин жыштыгына жана мамлекеттик нотариустардын ишинин көптүгүнө жараша бөлүштүрүлгөн.

Республика боюнча жалпы 54 нотариустук контора бар, анын ичинен:

- Бишкек шаарында – 4
- Ош облусунда – 8
- Чүй облусунда – 8
- Талас облусунда – 4
- Нарын облусунда – 5
- Баткен облусунда – 5
- Жалал-Абад облусунда – 13
- Ысык-Көл облусунда – 7