> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда 22 миңге жакын коомдук уюм бар
- URL: https://im.kg/all/2021/08/02/krda-22-mi-ge-zhakyn-koomduk-ujum-bar/
- Published: 2021-08-02T14:38:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистринин (СББМР) маалыматтары боюнча 2020-жылдын аягына карата КРнын аймактарында 22 миңге жакын коомдук уюм катталган. Мындай маалыматты Улустатком берди.**

Коомдук уюмдардын эң көп саны Бишкек шаарында (34.2%), Ош жана Жалал-Абад облустарында (12.5%), ошондой эле Чүй облусунда (11.2%) катталган.

> 2020-жылы катталган коомдук уюмдардын жалпы санынын **6 миңи** же 27% ишмердигин жүргүздү. Аларда иштеген жылдык орточо кызматкерлердин саны 17 миңге жакын адамды түзгөн, ал эми мүчөлөрүнүн саны миллион адамдан ашкан.

2020-жылы коомдук уюмдар менен **14 млрд сомго** жакын суммасында финансылык ресурстар алынган. 

> Финансылык каражаттардын негизги үлүшү кайрымдуулук каражаттар, демөөрчүлүк жардам жана кайыр садага түрүндө (алардын жалпы көлөмүнүн 58%) жана максаттуу финансылоо каражаттарынан (20%) келип түшкөн. Мындан тышкары, олуттуу суммалары дипозиттердин кирешелеринен, мүчөлүк төгүмдөр түрүндө жана кызмат көрсөтүүлөрдөн келип түшкөн.

Жумшалган каражаттардын эң көп суммалары демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамга (жалпы пайдаланылган каражаттардын суммасынын 24.4%), эмгек акыны төлөөгө жана социалдык муктаждыктардын чегеримдерине (23.4%), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө (13.5%) багытталган.