> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРга 1.25 млн доза өлчөмүндөгү Sinopharm вакцинасынын жаңы партиясы келди
- URL: https://im.kg/all/2021/08/02/krga-1-25-mln-doza-lch-m-nd-g-sinopharm-vakcinasynyn-zha-y-partiyasy-keldi/
- Published: 2021-08-02T08:53:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРга республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган 1 млн 250 миң доза өлчөмүндөгү коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm кытай вакцинасынын жаңы партиясы жеткирилди. Бул тууралуу Минкабинеттин маалымат кызматы билдирди.**

Министрлер Кабинети КЭРге COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө, ошондой эле вакцина сатып алуу маселесинде көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Министрлер Кабинети жарандарды өзүн жана жакын адамдарын сактап, вакцинацияланууга чакырат.

> Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айынын башында республиканын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча 1 млн 100 миң доза кытай вакцинасы сатылып алынган. Жалпысынан **2 млн 350 миң** доза сатылып алынды.