> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан 50 млн долларлык инвестицияны жоготушу мүмкүн – Digital CASA долбоору ишке ашпай калуу коркунучунда
- URL: https://im.kg/all/2021/08/02/kyrgyzstan-50-mln-dollarlyk-investiciyany-zhogotushu-m-mk-n-digital-casa-dolbooru-ishke-ashpaj-kaluu-korkunuchunda/
- Published: 2021-08-02T09:40:13.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:16:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Digital CASA долбоору үчүн келген 50 млн долларлык инвестицияны жоготуп алуу коркунучунда, анын 25 млн доллары гранттык каражаттар, 25 млн доллары жеңилдетилген насыя түрүндө бөлүнгөн. Бул тууралуу [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) сайтына өздүк булактардан ​​билдиришти.**

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган Digital CASA долбоору 2019-жылы ишке кирип, 2023-жылы аяктамак. Бирок, долбоорду ишке ашыруу маселелери азырынча макулдашыла элек. 

Долбоордун эксперттери [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) сайтына билдиришкендей, КРнын бийлиги техникалык тапшырманын дизайнын бир нече жолу өзгөрткөн, бул болсо долбоордун аткарылышын дайыма кечеңдетип келген.

> «Дүйнөлүк банк менен долбоордун дизайнын макулдашкандан кийин кайра каржылоо жөнүндө **макулдашуунун ички жол-жоболорун (ратификация) жүзөгө ашыруу керек** болот. «Каржылоо келишимин токтотуу, кайра каржылоо жөнүндө макулдашууну сүйлөшүү жана ратификациялоонун бардык процедурасы болжол менен **эки жылга созулушу** мүмкүн. «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоору өзү 2023-жылдын май айына чейин гана иштелип чыкканын эске алсак, **гранттык негизде бөлүнгөн бул каражаттарды жоготуп алуу коркунучу бар**. 

> Негизги дизайнды негизсиз эле өзгөртүү же Дүйнөлүк Банктын талаптарын бузуу аракеттери, ошондой эле долбоордун негизги субкомпоненттерин ишке ашыруудан баш тартуу же жасалма кечиктирүү – **акыры долбоордун жабылышына алып келиши мүмкүн»**, – дешет эксперттер.

Белгилей кетсек, «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорунун максаты – бул КРнын секторлоруна жеке инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик кызматтарды санарипке өткөрүү потенциалын жогорулатуу менен бирге Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат. 

**Долбоор төрт компоненттен турат:** 

1. Санарипке өтүүгө байланышкан аймактык инфраструктура (**21 млн доллар**)
2. Аймактык маалымат борборлору, санариптик платформалар жана интеллектуалдык чечимдер (**18.1 млн доллар**)
3. Санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү (**8.4 млн доллар**)
4. Долбоорду башкаруу (**2.5 млн доллар**)