> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россиялык чекене соода өкүлдөрү кыргыз продукциясына кызыкдар экенин билдиришти
- URL: https://im.kg/all/2021/08/02/rossiyalyk-chekene-sooda-k-ld-r-kyrgyz-produkciyasyna-kyzykdar-ekenin-bildirishti/
- Published: 2021-08-02T10:11:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**B2B сессияларынын жыйынтыгында россиялык чекене соода өкүлдөрү кыргыз продукциясын жеткирүүгө кызыкдар экенин билдиришти жана тышкы соода келишимдерин түзүү боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүүгө макулдашышты. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.**

Экспортчуларга колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 29-30-июлунда КРнын Экономика жана финансы министрлиги БУУнун Өнүктүрүү Программасынын «Борбордук Азияда соодага көмөктөшүү» долбоору менен биргеликте РФнын чекене сатуучулары менен В2В жолугушууларын өткөрдү.

> Жолугушууга тамак-аш, айыл чарба жана кийим тигүү өнөр жайларынан **35тен ашык** ата мекендик компания катышты. 

Россия тараптан бир топ соода тармактарынын өкүлдөр катышты.