> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тажикстандын Кыргызстан менен соода жүгүртүүсү 4 млн долларга кыскарды
- URL: https://im.kg/all/2021/08/02/tazhikstandyn-kyrgyzstan-menen-sooda-zh-g-rt-s-4-mln-dollarga-kyskardy/
- Published: 2021-08-02T17:12:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чек арадагы окуяларга байланыштуу Тажикстандын Кыргызстан менен соода жүгүртүүсү 4 млн долларга азайган. Бул тууралуу [маалымат жыйынында](https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/economic/20210730/tamozhnya-tadzhikistana-tovarooborot-s-kirgizstanom-umenshilsya-na-4-mln?tg%5Frhash=59df260525b319) Тажикстандын Бажы кызматынын башчысы Хуршед Каримзода билдирди.** 

> «Азыр бул өлкө аркылуу товарлардын транзити дээрлик жок. Россиядан жүк ташыган унаалар Кыргызстан аркылуу келчү. Биз азыр альтернатива таптык – учурда жүк ташуучу унаалар Өзбекстан аркылуу келип жатат. Тажикстандын товарлары бар алты жүк ташуучу унаа азыр Кыргызстанда өтө албай турат, бирок маселе чечилет», – деп билдирди Каримзода.

Тажикстанга негизги товар жеткирүүчүлөр болуп Россия (бардык товарлардын 26.5%), Казакстан (21.3%), Кытай (17.2%) эсептелет.