Тажикстандын Кыргызстан менен соода жүгүртүүсү 4 млн долларга кыскарды

Чек арадагы окуяларга байланыштуу Тажикстандын Кыргызстан менен соода жүгүртүүсү 4 млн долларга азайган. Бул тууралуу маалымат жыйынында Тажикстандын Бажы кызматынын башчысы Хуршед Каримзода билдирди.

«Азыр бул өлкө аркылуу товарлардын транзити дээрлик жок. Россиядан жүк ташыган унаалар Кыргызстан аркылуу келчү. Биз азыр альтернатива таптык – учурда жүк ташуучу унаалар Өзбекстан аркылуу келип жатат. Тажикстандын товарлары бар алты жүк ташуучу унаа азыр Кыргызстанда өтө албай турат, бирок маселе чечилет», – деп билдирди Каримзода.

Тажикстанга негизги товар жеткирүүчүлөр болуп Россия (бардык товарлардын 26.5%), Казакстан (21.3%), Кытай (17.2%) эсептелет.