> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин ичинен КРда ундун баасы эң арзан
- URL: https://im.kg/all/2021/08/03/eaebge-m-ch-mamleketterinin-ichinen-krda-undun-baasy-e-arzan/
- Published: 2021-08-03T10:29:42.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын июнунда ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө бааларына жүргүзүлгөн иликтөөдө Бишкек шаарында ун менен ак майдын баасы арзан деп табылды. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.** 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен ак майга болгон максималдуу орточо чекене баа (1 кг 12.23 доллар) Москва шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (1 кг 4.00 доллар) Бишкек шаарында белгиленген. 

> Ошондой эле эң төмөн баалар кой этине (1 кг 5.74 доллар) жана биринчи сорттогу ун (1 кг 0.45 доллар) Бишкек шаарында катталды.

Бишкек шаарында пастеризацияланган сүттүн баасы Нур-Султан жана Минск шаарларында 4.3%га, уй эти Минск шаарында 24.5%га, ал эми биринчи сорттогу ундан жасалган нан Нур-Султан шаарында 28.6%га көтөрүлгөнү байкалган.

Муну менен бирге, 2021-жылдын июнунда Бишкек шаары боюнча картошкага болгон орточо баалар Нур-Султан шаарындагы баалардын деңгээлинен 9.2%га ашты.