ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин ичинен КРда ундун баасы эң арзан

2021-жылдын июнунда ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө бааларына жүргүзүлгөн иликтөөдө Бишкек шаарында ун менен ак майдын баасы арзан деп табылды. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен ак майга болгон максималдуу орточо чекене баа (1 кг 12.23 доллар) Москва шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (1 кг 4.00 доллар) Бишкек шаарында  белгиленген.

Ошондой эле эң төмөн баалар кой этине (1 кг 5.74 доллар) жана биринчи сорттогу ун (1 кг 0.45 доллар) Бишкек шаарында катталды.

Бишкек шаарында пастеризацияланган сүттүн баасы Нур-Султан жана Минск шаарларында 4.3%га, уй эти Минск шаарында 24.5%га, ал эми биринчи сорттогу ундан жасалган нан Нур-Султан шаарында 28.6%га көтөрүлгөнү байкалган.

Муну менен бирге, 2021-жылдын июнунда Бишкек шаары боюнча картошкага болгон орточо баалар Нур-Султан шаарындагы баалардын деңгээлинен 9.2%га ашты.