ОКӨФ эмерек фабрикасынын курулушуна 1 млн 73 миң доллар берет
Орус-кыргыз өнүктүү Фонду SAARA EXCLUSIF эмерек фабрикасынын курулушуна 1 млн 73 миң доллар өлчөмүндө каражат берет. Бул тууралуу аталган Фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, долбоор керектүү инфраструктурасы бар заманбап эмерек цехин курууну, ошондой эле өндүрүштү автоматташтыруу үчүн жабдууларды сатып алууну камтыйт. SAARA EXCLUSIF долбоорунун ишке кириши заманбап технологиялар менен инженердик чечимдердин айкалышын камсыз кылат, бул өлкөнүн рыногунда Компаниянын үлүшүн 15%га чейин жогорулатат.
Долбоорду ишке ашыруу айрым эмерек буюмдардын импортту алмаштырууга алып келет, ошондой эле Казакстан менен Тажикстанга экспорттоо пландалууда. Долбоор кошумча жумуш орундарын түзүүнү карайт.