Политолог Аркадий Дубнов: Акаевдин кайтып келиши президенттин демилгеси болушу мүмкүн

Россиялык политолог Аркадий Дубнов Аскар Акаевдин өлкөгө кайтып келүүсүнө президент кепилдик берген болушу мүмкүн деген пикирин РосБизнесКонсалтингге берген маегинде айтты.

«Акаев соттолбойт, анын кайтып келиши Жапаровдун демилгеси болушу мүмкүн –  президент аны куугунтуктобоого жана коргоого кепилдик бергендиги үчүн келди. Белгилей кетчү жалгыз нерсе, ал Кумтөр боюнча көрсөтмө берүүнү талап кылат», – деди РБКга эксперт.

Кыргызстандык саясат таануучу, «Элчи» коомдук-саясий изилдөө борборунун директору Денис Бердаковдун айтымында, экс-президент белгилүү келишимдердин негизинде келген жана эч кандай кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Аскар Акаевдин көрсөтмөсү Нью-Йорктун Түштүк округунун сотунда Кыргызстандын позициясын бекемдөө үчүн керек, анткени ал 1990-жылдары канадалык компанияны өлкөгө алып келип, ал тургай парламенттин эркине каршы чечимдерди кабыл алдырган деген оюн айтты.

Ошондой эле Аркадий Дубнов жайдын аягы күзгө барып Кыргызстанда нааразычылык акциялары кайрадан башталышы мүмкүн деген пикирин да билдирди.

«Мындай кырдаалда Жапаров азыр түндүк кландардын беделдүү өкүлдөрүн өз тарабына тартуучу жаңсоолорду жасоо зарыл деп эсептейт», – деди ал.