> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарында өтүүчү кыргыз-түрк бизнес-форумуна каалоочулар чакырылат
- URL: https://im.kg/all/2021/08/04/6-avgustta-bishkek-shaarynda-kyrgyz-t-rk-biznes-forumuna-kaaloochular-chakyrylat/
- Published: 2021-08-04T14:35:19.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын 6-августунда Бишкек шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк Бизнес-форуму жана Кыргызстан менен Түркиянын ишкерлеринин В2В жолугушуулары өткөрүлөт.** 

> Бул форумга катышууну каалагандар КРнын Инвестициялар министрлигине (Курманжан Исакова, тел. +996 554 828 881, эл.почта: [kurmanjan07@mail.ru](mailto:kurmanjan07@mail.ru)) кайрылуулары керек.

Бизнес-форумга Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов, ТРнын Вице-президенти Фуат Октай, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOВВ) жана Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEIK) Президенттери баштаган түрк ишкердик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышат.