> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Минск аба каттамы ачылды
- URL: https://im.kg/all/2021/08/04/bishkek-minsk-aba-kattamy-achyldy/
- Published: 2021-08-04T12:28:27.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 3-августта Бишкектен AviaTraffic компаниясы тарабынан кезектеги биринчи рейс Минск улуттук аэропортуна конду. Бул тууралуу КРнын Беларус Республикасындагы элчилигинен кабарлашты.**

Экипажды, авиакомпаниянын жетекчилигин жана жүргүнчүлөрдү учактын тепкичинде Беларустун улуттук салтына ылайык – нан жана туз менен тосуп алышты. Бишкектен Минскке биринчи каттамды AirBus A320 учагы аткарган.

Манас аэропортунан (Бишкек) Минск улуттук аэропортуна учуулар **шейшемби күндөрү** Airbus A320 учагы менен аткарылат:

- Бишкектен саат 06:50дө учат
- Минсктен Бишкекке 10:25те учат