Бишкек – Минск аба каттамы ачылды

Кечээ, 3-августта Бишкектен AviaTraffic компаниясы тарабынан кезектеги биринчи рейс Минск улуттук аэропортуна конду. Бул тууралуу КРнын Беларус Республикасындагы элчилигинен кабарлашты.

Экипажды, авиакомпаниянын жетекчилигин жана жүргүнчүлөрдү учактын тепкичинде Беларустун улуттук салтына ылайык – нан жана туз менен тосуп алышты. Бишкектен Минскке биринчи каттамды AirBus A320 учагы аткарган.

Манас аэропортунан (Бишкек) Минск улуттук аэропортуна учуулар шейшемби күндөрү Airbus A320 учагы менен аткарылат:

  • Бишкектен саат 06:50дө учат
  • Минсктен Бишкекке 10:25те учат