Бишкек сатып алуу жөндөмдүүлүгү эң төмөн дүйнөдөгү он шаардын катарына кирет

Кыргызстандын борбору сатып алуу жөндөмү эң төмөн дүйнөдөгү он шаардын катарына кирди. Бул бишкектиктер башка шаарлардын жашоочуларына караганда айлык акысы үчүн алда канча аз товарларга жана кызматтарга ээ боло алат дегенди билдирет.

Жашоо наркы боюнча эң чоң маалымат базасы болгон Numbeo порталы, шаарларды 2021-жылдын ортосуна карата сатып алуу жөндөмү боюнча рейтингге койгон. Ал эми Бишкек ага кирбесе да, сайтта берилген акыркы маалыматтар анын позициясын аныктоого мүмкүндүк берди.

Борборубуздун сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн индекси 21.14 балл, бул Бишкекти жетинчи орунда турган Непал (19.75) менен 8-орунда турган Бангладештин (21.19) ортосунда жайгаштырат. Ошентип, Бишкек сатып алуу жөндөмү эң төмөн он шаардын катарына кирди деп айта алабыз.

Сатып алуу жөндөмүнүн төмөндүгү иш жүзүндө эмнени билдирет? Мисалы, Бишкекте орточо эмгек акыга 55 кг уй этин сатып алса болот, ал эми Нур – Султанда – 146 кг, Минскте – 197, Москвада – болжол менен 251 кг уй эти келет.