> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эң аз жөлөк пул менен пенсияны Нарын облусу алат
- URL: https://im.kg/all/2021/08/04/e-az-zh-l-k-pul-menen-pensiyany-naryn-oblusu-alat/
- Published: 2021-08-04T11:51:41.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын 6 айында эң аз жөлөк пул менен пенсияны Нарын облусу алган. Ал 2 млрд 320.6 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди.**

Жалпысынан, 2021-жылдын январь-июль айыларында пенсия жана жөлөкпулга бюджеттен **29 млрд 083.3 млн сом** берилди. 

Анын ичинен:

- Бишкек шаары – 4 млрд 746.9 млн сом
- Чуй облусу – 4 млрд 471.9 млн сом
- Нарын облусу – 2 млрд 320.6 млн сом
- Иссык-Көл облусу – 2 млрд 653.2 млн сом
- Талас облусу – 1 млрд 203.3 млн сом
- Ош шаары – 1 млрд 045.7 млн сомов
- Ош облусу – 5 млрд 326.7 млн сом
- Баткен облусу – 2 млрд 325.9 млн сом
- Жалал-Абад облусу – 4 млрд 989.1 млн сом.

> Нарынга бөлүнгөн жөлөк пул менен пенсия калктын жыштыгы менен байланыштуу. Эскерте кетсек, Нарын облусунда 5 район, 1 шаар, 135 айыл бар. Калктын жыштыгы боюнча 1 км2 жерге 5.80 адам туура келет.