Эң аз жөлөк пул менен пенсияны Нарын облусу алат

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында эң аз жөлөк пул менен пенсияны Нарын облусу алган. Ал 2 млрд 320.6 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди.

Жалпысынан, 2021-жылдын январь-июль айыларында пенсия жана жөлөкпулга бюджеттен 29 млрд 083.3 млн сом берилди.

Анын ичинен:

  • Бишкек шаары  – 4 млрд 746.9 млн сом
  • Чуй облусу – 4 млрд 471.9 млн сом
  • Нарын облусу  – 2 млрд 320.6 млн сом
  • Иссык-Көл облусу  – 2 млрд 653.2 млн сом
  • Талас облусу  – 1 млрд 203.3 млн сом
  • Ош шаары  – 1 млрд 045.7 млн сомов
  • Ош облусу  – 5 млрд 326.7 млн сом
  • Баткен облусу  – 2 млрд 325.9 млн сом
  • Жалал-Абад облусу  – 4 млрд 989.1 млн сом.

Нарынга бөлүнгөн жөлөк пул менен пенсия калктын жыштыгы менен байланыштуу. Эскерте кетсек, Нарын облусунда 5 район, 1 шаар, 135 айыл бар. Калктын жыштыгы боюнча 1 км2 жерге 5.80 адам туура келет.