> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕБ чек ара жаңжалынан жабыркаган баткендиктерге 4.3 млн сомдук жардам көрсөттү
- URL: https://im.kg/all/2021/08/04/eb-chek-ara-zha-zhalynan-zhabyrkagan-batkendikterge-4-3-mln-somduk-zhardam-k-rs-tt/
- Published: 2021-08-04T09:43:51.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган үй-бүлөлөр Евро Биримдиктин долбоорунун алкагында 4.3 млн сомдук жардам алышты. Бул тууралуу ЕБнин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.**

Ага Хан Фонду баткендиктерге **2.6 млн сом** өлчөмүндө ири жана майда малды тапшырды. Фонд ошондой эле Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы медициналык мекемелерге **1.7 млн** сомдук медициналык жабдууларды таратты.

> Баткен облусунда жабыр тарткан жыйырма үй-бүлөгө музоо менен бир саан уй жана үчтөн кой берилди. Бул жашоочуларга азык -түлүк коопсуздугун жакшыртууга жана киреше булактарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Жардам көрсөтулгөн үй-бүлөлөр аймактык жооп берүү жана жардам берүү штабы менен бирдикте тандалып алынганын аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жардам Европа Биримдигинин «Жарандык коом уюмдарынын жана жаштардын жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө катышуусун күчөтүү» долбоорунун алкагында көрсөтүлдү.