> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Импорттоочулар «Жыйынды пост» аркылуу электрондук коштомо кагаздарды тариздей алышат
- URL: https://im.kg/all/2021/08/04/importtoochular-zhyjyndy-post-arkyluu-elektronduk-koshtomo-kagazdardy-tarizdej-alyshat/
- Published: 2021-08-04T15:48:11.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:59:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Импорттоочулар «Жыйынды пост» АМС «Жеке кабинети» аркылуу электрондук коштомо кагаздарды тариздей алышат**. **Бул тууралуу Салык кызматы билдирет.** 

КРнын аймагына импорттоо менен алектенген салык төлөөчүлөр [www.sti.gov.kg](http://www.sti.gov.kg/) расмий сайтынан «Электрондук сервистер» бөлүмүндөгү «Жыйынды пост» автоматташтырылган маалыматтык системасынан «Жеке кабинетин» пайдалануу менен же [import.salyk.kg](https://import.salyk.kg/) сайтынан электрондук коштомо кагаздарды тариздөөгө мүмкүн экендигин МСК эскертет.

«Жыйынтык пост» системасы «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун компоненттеринин бири болуп саналат жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу жол-жоболорун автоматташтырууга мүмкүндүк берет.

> МСКнын [www.sti.gov.kg](http://www.sti.gov.kg/) сайтынан электрондук коштомо кагаздарды пайдалануунун колдонмосу менен таанышып, толук маалымат алууга болот.

Эскерте кетсек, МСК 2021-жылдын 1-январынан тартып «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Ак-Жол», «Чоң-Капка» товарларды эсепке алуу пункттарында, «Аламүдүн», «Кара-Балта», «Бишкек-1», «Кара-Суу» темир жол станцияларында, «Манас» жана «Ош» аэропортторунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнөн КРнын аймагына ташылып келген товарларды эсепке алууда «Жыйынды пост» автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдаланууда.