> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия «визасыз» өлкөдөн келген мигранттар үчүн жаңы мыйзам чыгарды
- URL: https://im.kg/all/2021/08/04/rossiya-vizasyz-lk-d-n-kelgen-migranttar-ch-n-zha-y-myjzamga-kol-kojdu/
- Published: 2021-08-04T16:58:10.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Июль айында РФнын президенти Владимир Путин «визасыз» өлкөдөн келген мигранттарды Ички иштер министрлигинин базасы үчүн манжа издерин алып жана сүрөткө тартууну, ошондой эле медициналык кароодон өткөрүүнү милдеттендирген документке кол койгон. Бул тууралуу [«Парламентская газета» ](https://www.pnp.ru/politics/dlya-migrantov-podgotovili-novye-pravila-prebyvaniya-v-rossii.html)басылмасы жазган.**

> Бул «визасыз» өлкөдөн (анын ичине Кыргызстан да кирет) келип, РФнын аймагында бир айдан ашык калууну пландагандарга тиешелүү. Бардык талаптарды аткаруу үчүн кирген күндөн тартып, бир ай берилет. 

Ал эми медициналык кароодон өтүү региондорду аныктоочу атайын поликлиникаларда гана өткөрүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчысы 2-июлда кол койгон мыйзамда жазылган. Документ ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын медициналык кароолорунун жыйынтыгы боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзөт деп билдирет аталган басылма.