> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түркия Бишкек мэриясына сунуштап жаткан автобус канча турат?
- URL: https://im.kg/all/2021/08/04/t-rkiya-bishkek-meriyasyna-sunushtap-zhatkan-avtobus-kancha-turat/
- Published: 2021-08-04T10:50:27.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Шаардык муниципалитет түрк автобустарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө үчүн кечээ, 3-июлда Бишкек шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов «ВМС» түркиялык автобус чыгаруучу ишкананын директору Мурат Ялчин менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.**

Компания өз продукциясын тааныштырып, чыгарылган автобустардын ассортименти тууралуу айтып берди. Жолугушуунун жыйынтыгында муниципалитет сунушталган продукциялардын каталогун изилдеп, мурда компаниянын автобустарын сатып алган өлкөлөрдүн тажрыйбасын талдоо чечимин кабыл алды.

- BMC компаниясы 1964-жылы Измир шаарында негизделген. Ал автобустарды гана эмес, аскердик техниканы чыгаруу менен да алектенет. Компаниянын арсеналында шаарлар аралык, чоң, орто жана кичи класстагы көптөгөн автобустар бар.

#### Мэрия карап жаткан 1 автобустун орточо баасы канча турат?

**BMC Sanayi ve Ticaret A.Ş.** ишканасынын расмий сайтына кирип карасак, шаар ичи жүрүүчү BMC жаңы муундагы процити (12 M) дизель, төмөн пол, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да ылайыкташтырылган, коомдук типтеги (26 отурган жүргүнчү + 77 турган жүргүнчү + 1 айдоочу) автобустун баасы түркиялык салыкты эске алганда **19 млн сом** же **225 миң доллардын** [тегерегинде турат.](https://www.bmc.com.tr/hizmetler/fiyat-listesi)

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/otobus-turkije-1024x296.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/otobus-turkije.png)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/otobus-turkie2-1024x286.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/otobus-turkie2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/otobus-turkije0-1024x402.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/otobus-turkije0.jpg)

##### Автобустар кайсы акчага алынат?

Эскерте кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга жалпы наркы **33 млн евро** насыя берет. Бишкек шаарынын вице-мэри Максат Сазыкуловдун берген маалыматына ылайык, насыяга Европада жасалган, жаратылыш газы менен жүрүүчү **250дөн 350гө чейин** автобус сатылып алынат деп билдиришкен эле мэриядан.

Министрлер кабинети менен ЕРӨБдүн ортосунда түзүлгөн келишим ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинде колдоо тапкан болчу.

> Долбоордун жалпы наркы **33 млн еврону** түзөт, анын **25 млн евросу** насыя түрүндө, **8 млн евро** гранттык жардам жана 1.7 млн евро техникалык жардам катары бекер берилет. Насыя 1% менен 12 жылга, анын 3 жылы жеңилдетилген мөөнөт менен берилүүсү пландалууда.

Жогорку Кеңеш келишимди ратификациядан өткөрүүнү сентябрда карайт.