> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 50 млн долларлык «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги ишке ашыра алган жок – Минкабинет
- URL: https://im.kg/all/2021/08/05/50-mln-dollarlyk-digital-casa-kyrgyz-respublikasy-dolboorun-sanariptik-ministrligi-ishke-ashyra-algan-zhok-minkabinet/
- Published: 2021-08-05T16:52:02.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:41:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Макалалар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун ишке ашыруу 2018-жылы башталгандыгына карабастан, Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан долбоордун 4 компонентинин бири дагы ишке ашырылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.**

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк Банк тарабынан каржылана турган «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорунун максаты – бул КРнын секторлоруна жеке инвестицияларды тартуу жана **мамлекеттик кызматтарды санарипке өткөрүү** потенциалын жогорулатуу менен бирге **Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү** болчу. 

> «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбооруна Дүйнөлүк Банк   **50 млн долларлык инвестиция** салууну көздөп жаткан. Анын **25 млн доллары гранттык каражаттар, 25 млн доллары жеңилдетилген насыя түрүндө б**ерилмек. 

Долбоордун эксперттери мурдараак [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) сайтына [билдиришкендей](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/08/02/kyrgyzstan-50-mln-dollarlyk-investiciyany-zhogotushu-m-mk-n-digital-casa-dolbooru-ishke-ashpaj-kaluu-korkunuchunda/), **КРнын бийлиги техникалык тапшырманын дизайнын бир нече жолу өзгөрткөн**, бул болсо долбоордун аткарылышын дайыма кечеңдетип келген.

> «Дүйнөлүк банк менен долбоордун дизайнын макулдашкандан кийин кайра каржылоо жөнүндө **макулдашуунун ички жол-жоболорун (ратификация) жүзөгө ашыруу керек** болот. «Каржылоо келишимин токтотуу, кайра каржылоо жөнүндө макулдашууну сүйлөшүү жана ратификациялоонун бардык процедурасы болжол менен **эки жылга созулушу** мүмкүн. «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоору өзү 2023-жылдын май айына чейин гана иштелип чыкканын эске алсак, **гранттык негизде бөлүнгөн бул каражаттарды жоготуп алуу коркунучу бар**.

> Негизги дизайнды негизсиз эле өзгөртүү же Дүйнөлүк Банктын талаптарын бузуу аракеттери, ошондой эле долбоордун негизги субкомпоненттерин ишке ашыруудан баш тартуу же жасалма кечиктирүү – **акыры долбоордун жабылышына алып келиши мүмкүн»**, – дешкен эле эксперттер.

Ал эми Министрлер кабинетинин маалыматына таянсак, тармактык ведомство тарабынан «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоору боюнча **техникалык тапшырмалар иштелип чыккан эмес** жана стратегиялык жактан маанилүү долбоор боюнча сынактар жарыяланган эмес.

**Белгилей кетсек, долбоор төрт компоненттен турган:** 

1. Санарипке өтүүгө байланышкан аймактык инфраструктура (**21 млн доллар**)
2. Аймактык маалымат борборлору, санариптик платформалар жана интеллектуалдык чечимдер (**18.1 млн доллар**)
3. Санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү (**8.4 млн доллар**)
4. Долбоорду башкаруу (**2.5 млн доллар**).

Дүйнөлүк банк КРнын жаңы министрлер кабинети менен даярдала турган жаңы долбоорго каражаттарды которуу менен Digital CASA долбоорун **мөөнөтүнөн мурда жабуу** жөнүндө ойлонуп жатканын аталган Эл аралык финансы институтунун басма сөз кызматы [билдирген](http://localhost/info-portal/novosti/2021/08/05/vsemirnyj-bank-dumaet-o-dosrochnom-zakrytii-proekta-digital-casa/).

Ага ылайык, Дүйнөлүк банк КРнын санариптик өнүктүрүү боюнча мындан ары да колдоого даяр, бирок акыркы үч жылдын ичинде Digital CASA – KR долбоорун ишке ашырууда прогресстин жоктугун эске алып, бул долбоор жабылууга мүмкүн экендигин билдирген.