Билим берүү министрлиги мектеп фондуна ата-энелердин милдеттүү төлөмдөрүн киргизүүнү көздөөдө

Билим берүү министрлиги мектеп фондуна ата-энелердин бир жолку милдеттүү төлөмдөрүн киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев бүгүн, 5-августта маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрлик жылына белгиленген төлөмдү коюуну сунуштоодо. «Мектептердеги ата-энелердин каражаты өздөрүнө эле эмес, бул төлөмдү чогулткан мугалимдерге да көйгөй жаратууда жана ооруга айланды. Ата-энелер коомчулугу эч качан жардам берүүдөн баш тарткан эмес. Бирок мектептер муну милдеттендиришип, алар суммасын да белгилеп алышкан», – деди ал.

Купешев бул төлөм шаарларда 1000 сомдон, айылдарда 800 сомдон болоорун айтты. Бирок бул так эместигин жана бул маселе дагы талкууланарын кошумчалады.

Эгерде ата-энелер фонд түзүүнү каалашса, анда юридикалык жак катары жасай алышат. Бул мектептен өзүнчө болушу керек. Директор менен башкы мугалим мугалимдерди акча чогултууга жана каражатты толуктоого мажбурлабашы керектигин айтты министр.