> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда уюмдардагы эмделгендердин пайызын көрсөткөн онлайн карта чыгарылды
- URL: https://im.kg/all/2021/08/05/kyrgyzstanda-ujumdardagy-emdelgenderdin-pajyzyn-k-rs-tk-n-onlajn-karta-chygaryldy/
- Published: 2021-08-05T09:31:24.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:35:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызстан – Жашыл аймак» улуттук демилгесинин алкагында интерактивдүү онлайн карта ишке киргизилди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.**

Карта уюмдун эмдөөдөн өткөн кызматкерлеринин санын көрсөтөт. Биринчи катталган уюм Бишкек Тез жардам борбору болгон, анда кызматкерлердин 70%дан ашыгы COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшкөн.

Ошентип колдонуучулар кызматкерлери эмдөөдөн өткөн уюмдар (70%дан ашыгы) тууралуу, ошондой эле эмдөөдөн өткөндөр үчүн **ишканалар тарабынан берилген бонустар жана лоялдуулук программалары** жөнүндө маалыматка ээ болушаарын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

> «Бул карта аркылуу биз калкка COVID-19га каршы кыймылга кимдер кошулганын, кайсы уюмдардын кызматкерлери социалдык жоопкерчиликти көрсөтүп, эмдөөдөн өтүп, оорунун андан ары жайылуу коркунучун азайтканын көрсөтөбүз. Санариптик интерактивдүү картадагы маалымат жарандарды эмдөөдөн өтүүгө үндөйт деп үмүттөнөбүз», – деди министрдин орун басары Бакыт Жангазиев.

Карта <https://vc.emed.gov.kg/Home/Map >шилтемесинде «Кыргызстан – жашыл аймак» интерактивдүү картасында жеткиликтүү.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/ujum_karta-1024x510.png)