ЕРӨБ Ош шаарын таза суу менен камсыз кылууга 3 млн доллар бөлөт
Ош шаарын таза суу менен камсыз кылууга 3 млн доллар сарпталат жана бул долбоорду ишке ашыруу боюнча атайын Бишкектен эксперттер чакыртылат. Ошондой эле аталган долбоорго каражатты Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) берет. Бул тууралуу түштүк борбордун маалымат кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, 5-август күнү Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов «Төлөйкөн суу тазалоочу пунктуна Даңги участкасынан суу түтүгүн тартуу» долбоору менен таанышуу үчүн Даңги аймагына барып, шаардыктарга таза суу жеткирүүдө жаралып жаткан көйгөйлөрдү жеринен көрүп кайткан.
«Таза суу маселеси Ош шаарындагы эң негизги көйгөй экендигин жакшы билем. Бүгүн бул мүчүлүштүккө өзүм да күбө болдум. Андыктан аз убакыттын ичинде чечүү жолдорун карап чыгып, ишке ашыруу зарылчылыгы турат. Ал үчүн борбордон таза суу чыгаруу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырган, тажрыйбасы көп адистерди чакырып жатабыз. Коротулуучу акча каражатын туура пайдалануу үчүн ушундай багытка баруу керек. Антпесек, долбоор ишке ашып, натыйжасын бербей калса, шаардыктарга таза сууну берүүнүн токтошу негизги көйгөй боюнча калат», – деди Мамбетов.
«Төлөйкөн суу тазалоочу пунктуна Даңги участкасынан суу түтүгүн тартуу» долбоорун ишке ашыруу үчүн каражатты ЕРӨБ берет.
Белгилей кетсек, Ош жергесинде таза суу көйгөйү чечилбей келет. Жамгыр жааган күндөрү суу булганып кеткендигине байланыштуу суу токтотулуп, шаардыктар сууну парктардан чакалап ташып ичишет.