> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда бир жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 100 млн киловаттан ашты
- URL: https://im.kg/all/2021/08/06/krda-bir-zhyldyn-ichinde-elektr-energiyasyn-kerekt-100-mln-kilovattan-ashty/
- Published: 2021-08-06T11:05:54.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда электр энергиясынын керектөөсү 2021-жылдын июль айында 971 млн 206 миң кВт.с. түздү. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын маалымат кызматы билдирди.**

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2021-жылдын июль айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү **971 млн 206 миң кВт.с.** түздү.

2020-жылдын ошол эле мезгилинде бул көрсөткүч 860 млн 577 миң кВт.с. түзгөн.