> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда биринчи электромобилдер чыгарылды
- URL: https://im.kg/all/2021/08/06/kyrgyzstanda-birinchi-elektromobilder-chygaryldy/
- Published: 2021-08-06T13:28:54.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда биринчи «Ками Моторс» унаа маркасындагы электр энергиясы менен иштеген шаардык жүк ташуучу унаалар чыгарылды. Компаниянын расмий сайтында айтылгандай, унаалар Кыргызстанда иштелип чыккан, запастык бөлүктөрдүн 40%ы жергиликтүү рынокто чыгарылган, калган 60%ы Россия жана Кытайдан импорттолгон.**

Жүк ташуучу унаа бир зарядда 110 км жүрө алат жана анын жүк көтөрүмдүүлүгү 700 кг. Кошумчалай кетсек, тетиктердин 95% ы ВАЗ унаалары менен алмаштырылат.

> «Азыр биз инвесторлорубуздун тапшырмаларын аткарып жатабыз, бирок келечекте шаардык жүк ташуучу машиналардан баштап кобриолеттерге чейин бардык электромобилдерге ачыкпыз», – дейт компания.

Унааны 220 Вт кадимки розеткадан кубаттоого мүмкүн болот. Иштеп чыгуучулар белгилегендей, 1 км аралык үчүн 100 Вт/саат – 7 тыйын керектелет.

2 жылдык кепилдиги бар жаңы Kami Nimble унаанын баасы 600 000 сом. Биринчи 100 машинаны жеткирүү 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып ишке ашат.