Кыргызстанда биринчи электромобилдер чыгарылды
Кыргызстанда биринчи «Ками Моторс» унаа маркасындагы электр энергиясы менен иштеген шаардык жүк ташуучу унаалар чыгарылды. Компаниянын расмий сайтында айтылгандай, унаалар Кыргызстанда иштелип чыккан, запастык бөлүктөрдүн 40%ы жергиликтүү рынокто чыгарылган, калган 60%ы Россия жана Кытайдан импорттолгон.
Жүк ташуучу унаа бир зарядда 110 км жүрө алат жана анын жүк көтөрүмдүүлүгү 700 кг. Кошумчалай кетсек, тетиктердин 95% ы ВАЗ унаалары менен алмаштырылат.
«Азыр биз инвесторлорубуздун тапшырмаларын аткарып жатабыз, бирок келечекте шаардык жүк ташуучу машиналардан баштап кобриолеттерге чейин бардык электромобилдерге ачыкпыз», – дейт компания.
Унааны 220 Вт кадимки розеткадан кубаттоого мүмкүн болот. Иштеп чыгуучулар белгилегендей, 1 км аралык үчүн 100 Вт/саат – 7 тыйын керектелет.
2 жылдык кепилдиги бар жаңы Kami Nimble унаанын баасы 600 000 сом. Биринчи 100 машинаны жеткирүү 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып ишке ашат.