> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоо-кен иштетүүчү мамлекеттик компаниялар төлөмдөрдү өздөрү төлөө шарты менен инвесторлорду тартса болот
- URL: https://im.kg/all/2021/08/06/too-ken-ishtet-ch-mamlekettik-kompaniyalar-t-l-md-rd-zd-r-t-l-sharty-menen-investorlordu-tartsa-bolot/
- Published: 2021-08-06T16:51:29.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:32:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**100% мамлекеттик үлүшкө ээ болгон тоо-кен компаниялары инвесторлорду биргелешкен ишмердүүлүккө тарта алышат. Бирок алар жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акы төлөшү керек болот. Тиешелүү токтом долбоору министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлду.**

Жер казынасын пайдалануу укугуна баа Министрлер Кабинетинин өзүнчө буйругу менен белгиленет, анын долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даярдашы керек. 

Бирок, документте жер казынасын пайдалануу укугунун баасы:

- жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн минималдуу баага чейин улуттук маанидеги жер казынасынын участоктору үчүн бонустун суммасы (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) каралат
- жер казынасынын аукциондук участоктору үчүн аукциондук объекттин баштапкы баасына чейин каралат.