УКМК Таалатбек Масадыковго каяша жообун берди
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков 24.kg. сайтына Орхан Инандынын уурдалышы боюнча түзүлгөн кырдаалга комментарий берип жатып, УКМКнын ишмердүүлүгүнө баа берген.
«УКМК публикага чыгып, медиага чыга турган ведомство эмес. Анын ички дүйнөсү, кылган иши тынч болуш керек», – деген болчу Масадыков.
Бүгүн эле жарыяланган маекке УКМКнын маалымат кызматы дароо жообун берди.
УКМК бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө мамлекеттик органдарга, анын ичинде УКМКга мурдагыдан да зарыл деп эсептейт, анткени бул коомчулуктун кызыкчылыгында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтын жеткиликтүү ыкмасы деген жообун берди ведомство.
«УКМК Масадыковдун берген мындай кеңештерине муктаж эмес. УКМК аткаруу бийлигинин маанилүү органы болуп саналат, зарыл болгон учурда конституциялык укугу бар компетенттүү адамдардын кеңештерин жана сунуштарын колдонот», – деген жообун айтты ведомство.
Ошондой эле УКМК Масадыковду конституцияда каралган кызматтык милдеттерине негизделген ыйгарым укуктарын аткарууга чакырды.